Бүгүн, 04.04.2025-жылы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, география илимдеринин доктору Дылдаев Мирлан Муктарович Кубан мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин доктору, жогорку окуу жайлардын социалдык иш, психология жана педагогика кафедрасынын профессору Андрей Александрович Остапенко менен жолугушту. Андрей Александрович орус филологиясы факультетинин студенттери жана окутуучулары үчүн «Окуу процессин интенсивдештирүүнүн жолдору» деген темада мейман лекциясын окуду.
БМУнун ректору Кубан мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин доктору Андрей Александрович Остапенко менен жолугушту.
