跳至内容

БМУда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргызтестке даярдык боюнча иштер жүрүүдө

БМУда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргызтестке даярдык боюнча иштер жүрүүдө

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулук курамы мамлекеттик тил боюнча иштерди системалуу түрдө жүргүзүп, мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Артыкова Жамалдын жетекчилиги алдында Кыргызтесттен өтүүгө даярданууну активдүү улантууда. Бул багыттагы иштер төмөнкү негизги стратегиялык документтерге шайкеш жүргүзүлүүдө:

  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы (2023-жылдын 17-июлу, №140);
  • 2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы;
  • Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы;
  • Университеттин стратегиялык өнүгүү программасы.

Ушул документтердин алкагында университетте окуу-усулдук, илимий, уюштуруучулук жана башкаруучулук иштерде кыргыз тилинин функционалдык колдонулушун кеңейтүү, мамлекеттик тилде иш алып баруунун сапатын жогорулатуу жана университеттик коомчулукта кыргыз тилинин статусун жана аброюн көтөрүү боюнча комплекстүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.