Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Кытай тили кафедрасы

Кафедра жөнүндө жалпы маалымат

Кытай тили кафедрасы 2004-жылдын 23-февралындагы №33 буйрукка ылайык Кыргыз-кытай факультетинин курамында түзүлгөн. Кафедра БМУнун структуралык окуу-методикалык жана илимий бөлүмү катары болуп окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иш чараларын аткарат. ККФнын студенттери үчүн: «Чыгыш таануу, Африканистика», «Эл аралык мамилелер», «Экономика», «Философия», «Кытай таануу», «Эл аралык менеджмент» (кытай тил билими менен) багыттары боюнча жогорку билимдүү кесипкөй адистерди даярдайт. Кафедранын окуутучулары жыл сайын Кытайдын ЖОЖдорунда кытай тили квалификациясын жогорулатуу боюнча стажировкадан өтүшөт.

Кафедранын миссиясы – дүйнөлүк тил талаптарына ылайык кытай тилин жогорку денгээлде өздөштүргөн, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Кафедранын максаты – экономика, менеджмент, эл аралык мамилелер, кытай таануу, философия багыттары боюнча кытай тилин жогорку денгээлде билген адистерди даярдоо.

Кафедранын милдеттерине:

  • педагогикалык жамааттын окуу-методикалык ишин өркүндөтүү;
  • студенттердин чыгармачылык потенциалын жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү жана окутуунун технологияларын өнүктүрүү;
  • адистердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу, алынган натыйжаларды окуу процессинде пайдалануу;
  • студенттерди патриоттуулукка жана активдүү турмуш позициясына тарбиялоо;
  • окуу куралдарды, окуу китептерди, маалымдама материалдарды иштеп чыгаруу ж.б.

Байланыш маалыматтары:+996 (312) 54-45-10.

Дареги: Кыргыз Республикасы, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 27.

 

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by