Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Кыргыз-кытай факультети

Кыргыз-кытай факультети (ККФ) 2004-жылдын февраль айында түзүлгөн (Буйрук №33). ККФнын түптөлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башында 1976-жылы Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университетинин (азыркы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин) бүтүрүүчүсү белгилүү синолог Владимир Ганович Лю турган. Ошол эле учурда БМУда 1991-жылдан бери чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде кытай тили окутулат.

Факультеттин миссиясы: - кытай тили жана маданияты жаатында жогорку квалификациялуу билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү.

Факультеттин негизги максаты: – жаштарды заманбап билим берүү системасынын жардамы менен эмгек рыногунда талап кылынган аң-сезимдүү, өз алдынча жана жоопкерчиликтүү инсан катары тарбиялоо.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жогорку кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо жана кыргыз-кытай мамилелерин тез өнүктүрүүдө маанилүү ролду ээлеп, ошондой эле кытай тилин билген адистерге болгон суроо-талаптын жогору болушу факультетте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу бир катар гуманитардык багыттары:

  • Эл аралык мамилелер (бакалавр);
  • Котормо жана котормо таануу (адистиги);
  • Тил илими (бакалавр);
  • Синология (профиль: синолог-культуролог, бакалавр);
  • Чыгыш таануу, Африка таануу/Кытай (бакалавр):
  • Философия (профиль: диндердин философиясы/дин таануу) (бакалавр);
  • Экономика (профиль: дүйнөлүк экономика);
  • Менеджмент (профиль: эл аралык менеджмент).

Факультеттин ийгиликтүү иштешине Борбордук Азиядагы биринчи Кытай тилин тестирлөө борбору (HSK) жана БМУда ачылган Конфуций институту көмөктөшүүдө, анда жаш курагына карабастан ар бир адам үчүн семинарлар, конференциялар, кытай сабаттуулугун жана тилин үйрөтүү иштери өткөрүлөт.

ККФдагы студенттик жашоо кызыктуу жана ар түрдүү. Класстан тышкаркы иш-чаралар ар бир адамга мүмкүнчүлүк берет. Студенттер университет ичиндеги жана университеттер аралык форматтагы конференцияларга, олимпиадаларга, сынактарга, фестивалдарга жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, жогорку эрудицияны, талантты жана олуттуу спорттук жетишкендиктерин көрсөтүп келишет.

Факультетте Кытай, Россия, Улуу Британия, Швейцария, Түркия, Индия жана Казакстанда квалификациясын жогорулаткан жана стажировкадан өткөн профессордук-окутуучулар курамы иштейт.


Декандын кабылдамасы: +996 (312) 21-86-60

Деканат: +996 (312) 54-45-47

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,

Айтматов проспектиси, 27

Блок Г. 4-кабат, 421 бөлмө.

 

 

 

 

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by