Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Экономикалык программалар жана башкаруу кафедрасы

"Экономика" кафедрасы БГУнун ректорунун буйругу менен 2006-жылы "Экономика жана финансы"кафедрасынын базасында түзүлгөн. "Экономика" кафедрасынын башчысы, э.и. к., доцент Рысалиева Г.О., 521607 "Экономика жана ишканаларды башкаруу", 521606 "Улуттук экономика"адистиктери боюнча студенттерди даярдоо жүргүзүлгөн. 2010-жылы ректордун буйругу менен "Экономика" кафедрасы "Экономикалык программалар жана башкаруу"кафедрасы деп аталып калган. Азыркы учурда 580100 "Экономика" (бакалавр жана магистратура), 580700 "бизнести башкаруу" жана 580500 "Бизнес информатика" (бакалавриат) багыттары боюнча студенттерди даярдоодо жүргүзүлүүдө. 

Кафедранын максаты: башкаруу тармагында жогорку квалификациялуу бакалаврларды даярдоо, МКТ жаатындагы инновациялык ишмердүүлүк, аналитикалык, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү өзүнүн бизнес долбоорлорун жана башкаруу аппаратынын башка бөлүмдөрүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө даярдоо, ошондой эле кафедранын ар бир окутуучусунун илимий жана педагогикалык жөндөмдүүлүктөрүн толук ачып берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Кафедранын миссиясы башкаруу тармагында жогорку квалификациялуу бакалаврларды даярдоо, МКТ жаатындагы инновациялык ишмердүүлүк, аналитикалык, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү өзүнүн бизнес долбоорлорун жана башкаруу аппаратынын башка бөлүмдөрүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө даярдоо, ошондой эле кафедранын ар бир окутуучусунун илимий жана педагогикалык жөндөмдүүлүктөрүн толук ачып берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Кафедрада аспиранттарды даярдоо боюнча программалар ишке ашырылууда – 08.00.01 "Экономикалык теория", 08.00.05 "эл чарбасынын экономикасы". 

Кафедра окуу жана өндүрүштүк практиканын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өндүрүш менен байланыш түзүп, ишканалар, фирмалар, мамлекеттик мекемелер жана банктар менен келишим түзгөн. Кафедранын окутуучулары биздин кафедранын ар бир бүтүрүүчүсү тез өзгөрүп жаткан татаал дүйнөдө өз ордун таап, жаңы ыкмаларды жана технологияларды оңой жана тез өздөштүрүүгө, ошондой эле келечектеги кесибинде натыйжалуу пайдаланууга жөндөмдүү чыгармачыл, ойчул, коммуникабелдүү инсан болууга умтулушат. Кафедра уюштуруучулук жана интеллектуалдык капиталды, өз тармагындагы мыкты илимий жамааттардын кесипкөйлүгүн, алдыңкы университеттер жана рынокто алдыңкы иш берүүчүлөр менен көп жылдар бою түзүлгөн уникалдуу байланыштарды бириктирет.


Телефон: 0312- 42-47-29

Дареги: г. Бишкек, ул. Жукеева Пудовкина 34, 5 этаж, каб. 512 А.

Кафедра жөнүндө жалпы маалымат

Кафедранын курамы

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by