Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Ректордун сөзү


Урматтуу достор!

Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин расмий сайтына кош келиңиздер! Биздин университетке кызыгып жатканыңызга чын жүрөктөн кубанычтамын.

Урматтуу абитуриенттер! Бүгүн сиз жашоонун жаңы этабынын босогосунда турасыз. Алдыда студенттик жашоо, кесиптик жактан калыптануу жана инсандык өсүү мезгили турат. Сиздин келечегиңиздин пайдубалын түзгөн ― мезгил. Бул жылдарды кандай өткөрсөңүз келечектеги жолуңуз ошондой болот. Ошондуктан жогорку окуу жайын тандоого өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылуу өтө маанилүү.

БМУ – өлкөдөгү эң абройлуу жогорку окуу жайларынын бири, Кыргыз Республикасында жогорку билимдин жана илимдин лидери катары таанылган, улуттук интеллектуалдык мейкиндикте гана эмес, эл аралык чөйрөдө да өзүнүн орду бар.

К. Карасаев атындагы БМУ бүгүнкү күндө:

  • Евразия университеттеринин ассоциациясы, ШКУнун гуманитардык университеттер Консорциуму, Түрк тилдүү мамлекеттердин университеттер союзу, ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдор ассоциациясы сыяктуу көптөгөн абройлуу эл аралык ассоциациялардын мүчөсү;
  • жылдык такшалмалардын алкагында дүйнөнүн 70тен ашык алдыңкы университеттери менен кызматташат (Германия, Россия, АКШ, Кытай, Түркия, Япония, Корея, Улуу Британия жана башкалар);
  • университетте окуу 16 тилде (англис, немис, француз, перс, араб, түрк, жапон, корей, кытай, италия, поляк жана башка) орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн 50дөн ашык билим берүү программалары боюнча жүргүзүлөт.

Биздин университеттин студенттеринин жашоосу кызыктуу окуяларга, семинарларга, конференцияларга, чыгармачылыкка жана илимий изилдөөлөргө, ошондой эле кызыктуу адамдар менен жолугушууларга бай.

БМУнун жамааты сунушталып жаткан адистиктер, алардын кыскача сыпаттамасы жана мүнөздөмөлөрү абитуриенттерге өз кесибин туура тандоого жардам берет деп чын жүрөктөн үмүттөнөт.

Биз ар дайым жаңы идеяларга, кызматташууга жана өнүгүүгө ачыкпыз! К Карасаев атындагы БМУга кош келиңиз!

БМУ — өзүнө ишенген жана ийгиликке умтулгандар үчүн жогорку окуу жайы!


Урматым менен,

К. Карасаев атындагы БМУнун ректору,

профессор А.И. Мусаев

Ректордун кабылдамасы

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by