Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Экономика жана каржы факультети

Кыргызстанды дүйнөлүк экономикалык коомчулукка интеграциялоо шартында экономикада сапаттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу дүйнөлүк экономика, финансы-банк иши, бухгалтердик эсеп, салык салуу, статистика, маркетинг жана менеджмент, экономикалык-математикалык моделдөө, бизнести башкаруу, бизнес-информатика жаатында тиешелүү компетенцияларга ээ жогорку квалификациялуу кадрларды талап кылат. Фирмалар, ишканалар, банктар жана башка уюмдар талап кылган мындай адистерди даярдоону БГУнун Экономика жана каржы факультети ишке ашырат. К. Карасаев университеттин бүтүрүүчүлөрү зарыл болгон кесиптик компетенцияларга ээ болуу менен бирге, бир нече чет тилдерди билишет жана иш берүүчүлөрдүн заманбап суроо-талаптарына толук жооп беришет. Алар Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөлөрдүн эмгек рыногунда туруктуу суроо-талапка ээ болушат. 

Факультетинин миссиясы: Экономика жана башкаруу чөйрөсүндө азыркы эмгек рыногунда туруктуу өркүндөтүүгө жана атаандаштыкка даяр болгон бакалаврларды жана магистрлерди даярдоого багытталган кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу.

Факультет эл аралык билим берүү стандартына ылайык үч баскычтуу адистерди даярдайт

Миссияга ылайык факультет төмөнкү негизги милдеттерди аткарат:

  • Студенттерге сапаттуу билим алууда, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүдө максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү;
  • Ата мекендик гана эмес, ошондой эле чет өлкөлүк эмгек рынокторунда татыктуу атаандашууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;
  • Инсанды руханий-адеп-ахлактык жактан өркүндөтүүгө жана улуттук патриоттуулукту калыптандырууга багытталган маданий-тарбиялык иштерди жүргүзүү

Билим берүү ишмердүүлүгүн ишке ашыруу укугу 2016-ж Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан берилген лицензия № LD160000758 16/0471 каттоо номери менен ырасталган. "Экономика" жана "башкаруу" төмөнкү адистиктер менен:

  • Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит (4 жылдык окуу)
  • Каржы, насыя жана банк иши (4 жылдык окуу)
  • Салыктар жана салык салуу   (4 жылдык окуу)
  • Экономика жана ишкананы башкаруу (4 жылдык окуу)
  • Бизнес башкаруу  (4 жылдык окуу)
  • Бизнес информатика  (4 жылдык окуу)

Магистр багыты:

  • Экономика (2 жылдык окуу)
  • Менеджмент не по профилю (2.6 года обучения)

Аспирантура адистиги боюнча:

  • 08.00.01 — Экономическая теория
  • 08.00.05 — Экономика управления народным хозяйством
  • 08.00.10 — Финансы, денежное обращение и кредит
  • 08.00.12 — Бухгалтерский учет, статистика

PhD Докторантура:

  • Экономика
  • Менеджмент

Факультеттин курамына төмөнкү бөлүмдөр кирет:

  1. Экономикалык программалар жана башкаруу кафедрасы;
  2. Финансы, банк иши жана салык салуу кафедрасы;
  3. Бухгалтердик эсептин теориясы жана практикасы кафедрасы.

Деканаттын кабылдамасы: +996 (312) 42-52-94, +996 (312) 42-52-95.

Дареги: г. Бишкек, ул. Жукеева-Пудовкина, 34.

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by