Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Журналистика жана маалыматтык системалар факультети

Журналистика жана маалыматтык системалар факультети - университеттин алдыңкы факультеттеринин бири. Факультет БГУнун ректорунун буйругуна ылайык 2006-жылы 15-майда, уюштурулган. Учурда факультет журналистика, телекөрсөтүү, жарнама жана коомчулук менен байланыш, документ жана китепкана таануу жана маалыматтык технологиялар боюнча дипломдуу бакалаврларды даярдайт. ЖКББ МББ алкагында окуу планы эмгек рыногунда заманбап компетенцияларга ээ болуу үчүн эң актуалдуу жана зарыл курстардан түзүлгөн.

Факультеттин миссиясы: — журналистика, коомчулук менен байланыш, документ жана китепкана таануу, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармактарында жогорку квалификациялуу билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү.

Факультеттин негизги максаты: - заманбап билим берүү усулдары аркылуу жаш муундардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү болуп саналат, бул алардын аң-сезимге, өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке ээ болушуна өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтөт.

Азыркы учурда факультет коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда, ошондой эле мамлекеттик мекемелерде ийгиликтүү иштей алган ар кандай профилдеги жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо алдыңкы орунду ээлейт. Биз төмөнкү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайбыз:

  • Журналистика (Бакалавр жана Магистратура)
  • Телекөрсөтүү (Бакалавр)
  • Маалыматтык тутумдар жана технологиялар (Бакалавр
  • Жарнама жана коомчулук менен байланыш (Бакалавр)

Окуу учурунда факультет академиялык мобилдүүлүктүн алкагында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринде стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Факультет "Репортер" тренинг-борборунун, окуу теле жана радиостудиясынын,  ошондой эле профессор Шаймергенова Т.А. атындагы китепкана иши боюнча кадрларды даярдоо борборунун атыйжалуу иши аркылуутеорияны практика менен ийгиликтүү интеграциялайт.Бул окуу борборлорунда семинарлар, тренингдер жана конференциялар өткөрүлөт, , ошондой эле факультеттин бардык окутуучулары жана студенттери үчүн журналистика, коомчулук менен байланыш жана китепкана иши жаатында квалификацияны жогорулатуу уюштурулат.

Студенттер факультеттин жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышышат. Сынактар, майрамдык иш-чаралар ийгиликтүү байма-бай өткөрүлүп турат. Бир нече жылдан бери факультеттин студенттери ар кандай чыгармачылык конкурстарда, спорттук мелдештерде жана башка иш-чараларда командалык жана жеке байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү кесипкөй журналисттер, теле алып баруучу, медиаменеджер, окутуучу-адис, иш кагаздарын жүргүзүүчү,офис-менеджер, архивариус, бөлүм-менеджер,китепкана-маалымат адиси, долбоордун менеджери катары ийгиликтүү иштеп келе жатышат.

Декандын кабылдамасы: +996(312)21-87-18

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 27.

К блок, 1 этаж, 120 кабинет.

 

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by