Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Социалдык-психологиялык факультети

Социалдык психологиялык факультети (СПФ) 1994-жылы негизделген. Факультеттин ичинде «Социология», «Саясат таануу», «Социалдык иш», «Психология» багыттары боюнча адистерди даярдаган кафедралар иш алып барышат. Учурда Социалдык психологиялык факультети университеттин алдыңкы факультеттеринин бири болуп саналат, анда өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 500 дөн ашык студенттер билим алышууда. 2005-2023-жылдары философия илимдеринин доктору, психология профессору, Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Орозалиев Э.С. факультеттин деканы болгон. Учурда факультеттин деканы социология илимдеринин кандидаты, доцент Айтбаева П.М.

Факультетинин миссиясы: теориялык жана практикалык көндүмдөрдүн жогорку деңгээлине ээ, чыгармачыл жана инсандык сапаттарга ээ атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Факультеттин максаты: адеп–ахлактык идеалдарга багытталган, руханий жана дене-бой жактан өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана жүзөгө ашырууга, жарандык милдетти аткарууга жөндөмдүү жарандык-мекенчил жаштарды калыптандыруу.

Азыркы учурда факультетибиздин алкагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистер даярдалууда:

  • Социология
  • Политология
  • Социалдык кызмат
  • Психология

2023-жылдан баштап PhD докторантурада "Психология" багыты боюнча даярдыктар жүрүп жатат.


Декандын кабылдамасы: +996 (312) 21-87-16 +996 (312) 53-02-94

Деканат: +996 (312) 53-02-94

Дареги: Бишкек ш.,Карасаев көч. 10, БМУнун 2-корпусу, 4-кабат, 408 каб.

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by