Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

К. Карасаев атындагы БМУнун Сапаттык кеңеши

К. Карасаев атындагы БМУнун Сапаттык кеңеши сапаттык менеджмент системасынын башкаруучу органы болуп саналат, университеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн билим берүү жана илимий ишинин сапатын жогорулатуу жана көзөмөлгө алуу, сапат чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш алып барат.

Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ички документтерин жетекчиликке алат.


Кеңештин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган башкаруунун бардык деңгээлдеринин ишин координациялоо жана университетте алынган билим берүү кызматтарынын сапатын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү
  • университетте СМКти үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө көмөктөшүү
  • БМУнун билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациядан өтүүгө көмөк көрсөтүү.
 

Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты жаатында саясаттын, сниверситеттин миссиясынын, университетти өнүктүрүү стратегиясынын жана башка концептуалдык документтердин тексттерин даярдоо жана жаңылоо.
  • БМУнун стратегиялык билим берүү максаттарын ишке ашырууга багытталган конкреттүү иш-чаралардын жана иш багыттарынын пландарын иштеп чыгуу.
  • билим сапаты чөйрөсүндө БМУ саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгуу.
  • билим берүүнүн сапатын башкаруу системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
  • сапатты жогорулатуу боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө жана алгылыктуу тажрыйбаны ишке киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү.
  • Ректоратка жана Окумуштуулар кеңешине Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жылдык баяндаманы берүү.
  • университеттин ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыктарын талдоо жана университеттин ишинин негизги процесстерин уюштурууда аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө жардам берүү үчүн чечимдерди иштеп чыгуу;
  • университеттин СМК мамлекеттик жана эл аралык сапат стандарттарынын талаптарына шайкештигин талдоо.
  • университетте СМКти ишке ашыруунун жана өркүндөтүүнүн алкагында жүргүзүлүүчү мониторинг жана контролдоо иш-чараларын пландаштыруу, уюштуруу, өткөрүү жана алардын натыйжалуулугун баалоо.
  • СМК чөйрөсүндө илимий, усулдук конференцияларды, семинарларды жана кызматкерлердин жана профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу.

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by