Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн филологиясы кафедрасы

Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн филологиясы 1993-жылдын 11-октябрында негизделген. Учурда Бишкек мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин негизги окуу жана илимий структуралык бөлүмү болуп саналат. Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн филологиясы кафедрасы Кыргыз Республикасындагы чыгыш таануучу-филологдорду жана чыгыш таануучу-лингвисттерди даярдоочу негизги борборлордун бири.

Кафедранын илимий иши азыркы тил илиминин актуалдуу проблемаларын изилдөөгө жана чыгыш тилдерин окутууга багытталган. Бөлүмдүн окутуучулары окуу китептерин жана окуу куралдарын үзгүлтүксүз жаңыртуу боюнча жигердүү иш алып барышууда. Андан сырткары кафедрада жалпы тил илими жаатындагы дисциплиналар, кесиптик тил үйрөтүү, тилдик котормонун теориясы жана практикасы, чет тилде оозеки сүйлөө жөндөмдөрүн үйрөтүү боюнча окуу-усулдук топтомдорду (ОУТ) өнүктүрүүдө алгылыктуу иштер аткарылууда. Ошону менен бирге кафедра тарабынан эки тилдүү «Арабча-кыргызча сөздүк», «Кыргызча-фарсча сөздүк» ж.б.у.с. атайын сөздүктөр жарык көргөн. Бөлүмдүн жамааты тажрыйбалуу адистерден жана калыптанып калган салттарды сактап, улуу муундагы кесиптештеринин тажрыйбасын өздөштүрүп, улантып кетүүгө жөндөмдүү, жигердүү жаш мугалимдерден турат.

Кафедра төмөнкү багыттары боюнча бакалавриат базасындагы жогорку билимдүү адистерди:

  • «Чыгыш таануу, Африка таануу» (араб, перс жана түрк тилдери),
  • «Лингвистика» (маданияттар аралык байланыштын теориясы жана практикасы)

ошондой эле төмөнкү адистиктери боюнча магистрлерди даярдап чыгарат:

  • Араб, фарс жана түрк тилдерин билүү менен бирге «Чыгыш таануу, Африка таануу»

Мындан тышкары төмөнкү багыттар боюнча бакалаврлар үчүн тил окутууну камсыз кылат:

  • «Эл аралык мамилелер»;
  • «Чыгыш таануу, Африка таануу» (Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы);
  • «Бизнес информатикасы»;
  • «Бизнес менеджмент»;
  • «Экономика»

Кабылдама: +996 (312) 21-87-76

Дареги: Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси, 27, 3-кабат, В блогу, 304-кабинет.

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by