Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Кытай филологиясы кафедрасы

Кафедра жөнүндө жалпы маалымат

Кытай филологиясы кафедрасы 2009-жылдын 20-октябрда №3 буйрукка ылайык Кыргыз-кытай факультетинин курамында түзүлгөн. Кафедра БМУнун структуралык окуу-методикалык жана илимий бөлүмү катары болуп окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иш чараларын аткарып, “Котормо жана котормо таануу”, “Лингвистика” багыттарында адистерди даярдайт.

Кафедранын миссиясы – дүйнөлүк тил талаптарына ылайык кытай тилин жогорку денгээлде өздөштүргөн, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Кафедранын максаты - мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга ылайык студенттерди теориялык жана практикалык жактан даярдоону камсыз кылуу.

Кафедранын негизги максаты:

  • окуучулардын кытай тилинде жандуу сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү;
  • кытай тилиндеги типтүү кеп жагдайлары, алардын грамматикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу;
  • оозеки кепти өздөштүрүү жана айтуу көндүмдөрүнө көнүгүү;
  • башка өлкөнүн сүйлөө этикетинин эрежелерин өздөштүрүү;
  • күнүмдүк кепти жана адистиктин тилин практикалык өздөштүрүү жана кесиптик маалымат алуу, жаңы технологиялар жана туризмди өнүктүрүү тенденциялары менен таанышуу үчүн кытай тилиндеги атайын адабияттар менен өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгү.

Кытай филологиясы кафедрасы кафедрага бекитилген дисциплиналарды тийиштүү илимий, теориялык, усулдук жана уюштуруучулук деңгээлде окутууну камсыз кылуучу жана илимий жана окуу-тарбия иштерин жүргүзүүчү профессордук-окутуучулар курамын (профессорлор, доценттердин милдетин аткаруучулар, улук окутуучулар, окутуучулар) бириктирет. Кафедранын мугалимдери жыл сайын Кытайда квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп, билимин өркүндөтүп, окутуу усулдары боюнча тажрыйба алмашып турушат


Байланыш маалыматтары: +996 (312) 21-89-05.

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 27.

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by