Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Дүйнөлүк экономика жана аймак таануу кафедрасы

Кафедра жөнүндө жалпы маалымат

Дүйнөлүк экономика жана аймак таануу кафедрасы 2007-жылы Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк экономика кафедрасынын базасында түзүлгөн (ректордун буйругу менен №109 06.09.2007 ж.).

Кафедра К.Карасаев атындагы БМУнун структуралык окуу-методикалык жана илимий бөлүмү болуп эсептелет. "Экономика", "Менеджмент", "Чөлкөм таануу" багыттары боюнча студенттер жана магистранттар арасында окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштерин, окуудан тышкаркы иштерди жүргүзүү кафедранын ишмердүүлүгү болуп саналат.

Дүйнөлүк экономика жана чөлкөм таануу бүтүрүүчү кафедрасы эл аралык өндүрүштүк, финансылык, валюталык жана соода мамилелерин өнүктүрүү жана башкаруу процесстерин комплекстүү изилдөөгө мүмкүндүк берген окуу дисциплиналарын окутат.

Факультеттин миссиясы: дүйнөлүк экономика жана эл аралык менеджмент чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана дүйнөдө болуп жаткан динамикалык өзгөрүүлөрдүн ар түрдүүлүгүн, эркин багыттай алган адистерди даярдоо.

Дүйнөлүк экономика кафедрасынын билим берүү ишинин негизги максаты: жалпы адамдык сапаттарды өнүктүрүү, илимдин жана маданияттын жетишкендиктерине негизделген инсандын жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларын калыптандыруу, социалдык-экономикалык кубулуштарды, көйгөйлөрдү жана процесстерди изилдөөнүн заманбап методологиясын, базалык экономикалык түшүнүктөрдү, принциптерди жана мыйзамдарды өздөштүрүү, социалдык-экономикалык кырдаалдарды талдоо көндүмдөрүн алуу жана эл аралык экономикалык мамилелер жана башкаруу чөйрөсүндө ээ болгон компетенцияларды иш жүзүндө колдонуу болуп саналат.

Максатка жетүү окуучулардын теориялык жана практикалык билимдеринин комплексин түзүү, ошондой эле эл аралык экономикалык мамилелер, тышкы соода иши, эл аралык бизнес, эл аралык менеджмент чөйрөсүндө көндүмдөргө ээ болуу боюнча маселелерди чечүүнү болжолдойт.


Байланыш маалыматтары: +996 (312) 21-92-08

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 27.

 

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by