Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасы

Кафедра жөнүндө жалпы маалымат

Журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасы өз тарыхын 1996-жылы баштаган. Ошондон бери ал факультеттин негизги борбору болуп, жогорку сапаттагы билим жана эл аралык стандарттарга жооп берген эки баскычтуу адистерди даярдоону сунуш кылат.

1996-жылы «Журналистика» багыты боюнча күндүзгү окуу формасында биринчи жолу студенттерди кабыл алуу ишке ашырылып, бул кафедранын көп жылдык эмгегинин жана жетишкендиктеринин башаты болгон. Бүгүнкү күндө кафедра үч актуалдуу багыт боюнча окутууну сунуш кылат: 530600 «Журналистика» (бакалавр, магистр), 571100 «Телекөрсөтүү» жана 530700 «Жарнама жана коомчулук менен байланыш» (бакалавр).

Окуу процессине Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында жана эл аралык уюмдарда иштеген көрүнүктүү кесипкөй журналисттер, алып баруучулар жана коомчулук менен байланыш тармагындагы адистер чакырылат. Бул адистер студенттерге өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүп, насаатчы болушат.

Кафедранын миссиясы журналистика, жарнама жана коомчулук менен байланыш тармактарында фундаменталдуу билимдерге жана маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу аркылуу инсандын, коомдун жана мамлекеттин билим берүү муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат. Биз бул тармактарда мыкты салттарды өнүктүрүүгө, илимий жана дүйнө таанымдык чечимдерге, жемиштүү кесиптик өсүүгө жана коомдук кызыкчылыктарга салым кошо ала турган адистерди даярдоого умтулабыз.

Кафедранын максаты - сапаттуу билим берүү, журналистика жана коомчулук менен байланыш тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Кафедра студенттерге ийгиликтүү ишке орношуу үчүн зарыл болгон билим, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүгүн камсыз кылууга умтулат. Мындан тышкары, кафедранын максаты-коомдук коммуникация чөйрөсүндөгү тажрыйбаны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кесиптик коомчулук менен жалпы коомдун ортосундагы байланышты чыңдоо болуп саналат.

Кафедранын милдеттери:

  • Журналистика, Жарнама жана коомчулук менен байланыш жаатындагы заманбап талаптарды жана тенденцияларды чагылдырган окуу программаларын даярдоо жана жаңылоо.
  • Студенттерге журналистика жана коомчулук менен байланыш тармагында актуалдуу ресурстарга, технологияларга жана иштөө усулдарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
  • Теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган журналистика жана коомчулук менен байланыш жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.
  • Журналистика жана коомчулук менен байланыш тармагында тажрыйбалуу адистердин катышуусу менен стажировкаларды, практикаларды жана мастер-класстарды уюштуруу.
  • Практикалык тажрыйбаны жана кесиптик өсүүнү кеңейтүүгө багытталган студенттердин демилгелерин жана долбоорлорун колдоо.
  • Студенттерге кесиптик өнүгүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн медиа уюмдар, жарнама агенттиктери жана башка институттар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө көмөктөшүү.

Азыркы учурда кафедра төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт: 

  • Журналистика (Бакалавр жана Магистратура)
  • Жарнама жана коомчулук менен байланыш (Бакалавр)
Байланыш маалыматтары: (996-312) 21-88-56
Дареги: Ч. Айтматова, 27.  I этаж, Блок «К», кабинет К-118.

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by