Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Бухгалтердик эсептин теориясы жана практикасы кафедрасы

Акыркы жылдары, эсепке алуу жана аудитордук иш - серепчилер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратат. Жаңы шарттарда компаниялардын натыйжалуу иши жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, каржылык ийгилиги жүргүзүлгөн эсепке алуу процесстеринин, талдоонун жана аудиттин сапатына көз каранды болот. Ушуга байланыштуу "бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" профили боюнча бакалавр адистикке бидим алган студенттер кесиптик даярдыктын жогорку деңгээлине ээ болушу керек:

Кафедранын миссиясы алган билимдерин коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда, экономиканын ар кандай тармактарында, ошондой эле эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруштук бере ала турган билим берүү тармагында колдонууга жөндөмдүү бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит тармагында жогорку квалификациялуу бакалаврларды даярдоо.

Миссияга ылайык, кафедра төмөнкү негизги маселелерди чечет:

  • Билим берүү процессин дайыма модернизациялоо;
  • Билим берүү процессине прогрессивдүү технологияларды жана методикаларды киргизүү;
  • Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит жаатында илимий изилдөөлөрдү активдүү жүргүзүү;
  • Студенттердин чыгармачылык, илимий-изилдөө иштерине кызыгуусун арттыруу;
  • Студенттерге сапаттуу билим алууда, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүдө максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү;
  • Инсанды руханий-адеп-ахлактык жактан өркүндөтүүгө жана улуттук патриоттуулукту калыптандырууга багытталган маданий-тарбиялык иштерди жүргүзүү;

Кафедра теории и практики бухгалтерского учета, анализа и аудита была создана приказом ректора  БГУ  от  29.04.2009 года.  Заведует кафедрой «Теории и практики бухгалтерского учета», кандидат экономических наук, доцент Ражапбаева Майрам Абдылдаевна. Педагогический стаж работы – 27 лет.  Начиная с 2012 года кафедра реализует ООП бакалавриата по направлению  580100 «Экономика», профиль «Бухгалтерский учет, анализ и аудит».

Кафедранын ишмердүүлүгүнүн максаты Кафедранын ишмердүүлүгүнүн максаты-бухгалтердик эсеп-аналитикалык, долбоордук-экономикалык, уюштуруу-башкаруу жана экономиканын бардык тармактарындагы ишканалардын аудитордук-консультациялык иш-аракеттерин жүзөгө ашыруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүнө ээ бакалаврлардын жалпы, инструменталдык жана кесиптик компетенцияларынын системасын түзүү.

Белгиленген максаттарга жетүү жана колдоо үчүн "бухгалтердик эсептин теориясы жана практикасы" кафедрасы тарабынан төмөнкү милдеттер түзүлгөн:

  • Жогорку билим берүү программаларын ишке ашырууда мамлекеттик жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык келүү;
  • Кафедранын ишмердүүлүгүн жакшы уюштуруучулук жана техникалык деңгээлде колдоо;
  • Рынокто атаандаштыкка туруштук бере ала турган жогорку квалификациялуу бухгалтерлерди жана аудиторлорду даярдоо максатында билим берүү процессинин бардык элементтерин интеграциялоо; 
  • Профессордук-окутуучулук курамдын уюштуруучулук, илимий, окуу-усулдук ишмердүүлүгүнө дем берүү.

Телефон: 0(312)-42-47-05
Дареги: г. Бишкек, улица Жукеева-Пудовкина 34, 5 этаж, кабинет 511.

 

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by