Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

СПФ багыттары

Социалдык кызмат

Профили: Социалдык кызмат

Окуу мөөнөтү: 4 жыл

Квалификациясы: бакалавр

Квалификациясы: Магистратура (окуу мөөнөтү 2 жыл)

Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр иштей алышат:

  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, аймактык түзүмдөрү.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
  • Улуттук статистикалык комитет
  • Республикалык социалдык фонду жана анын бардык аймактык түзүмдөрү.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү)
  • Социалдык коргоо Департаменти
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер ассоциациясы
  • Шаардык жана райондук социалдык камсыздоо бөлүмдөрү
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
  • Кыргызстандын SOS Балдар Айылдары
  • Үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча кризистик борборлор
  • Коомдук – кайрымдуулук фонддору
  • Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү
  • Ар кандай уюмдарды социалдык колдоо программаларын иштеп чыгуу боюнча бөлүмдөр.

Психология

Профили: Психология

Окуу мөөнөтү: 4 жыл

Квалификациясы: бакалавр

Квалификациясы: Магистратура (окуу мөөнөтү 2 жыл)

Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр иштей алышат:

  • Бүтүндөй билим берүү системасы
  • Реабилитациялык жана кризистик борборлор
  • Балдарды өнүктүрүү борборлору
  • Саламаттыкты сактоо системасы
  • Кадр борборлору жана кесипкөй тандоо
  • Консалтинг фирмалары
  • Карьера жана маркетинг борборлору
  • Карьера жана маркетинг борборлору Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борборлору
  • Жарнама компаниялары жана агенттиктери
  • Иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу кызматтары
  • ЖМК жана жарнама бизнеси
  • Кадрлар бөлүмдөрү
  • Өспүрүмдөр жана жаштар үчүн психологиялык кызмат көрсөтүү кызматтары
  • Изилдөө жана талдоо борборлору
  • Ишеним телефондору
  • Тез жардам жана шашылыш кызматтар
  • жана башка.

Социология

Профили: Социология

Окуу мөөнөтү: 4 жыл

Квалификациясы: бакалавр

Квалификациясы: Магистратура (окуу мөөнөтү 2 жыл)

Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр иштей алышат:

  • • Маркетингдик, социалдык-экономикалык, саясий жана башка изилдөөлөрдүн түрлөрүн жүргүзгөн консалтинг жана изилдөө компанияларында («SIAR», «M-Vector» ж.б.) изилдөөчү-аналитик, маркетолог жана социолог;
  • Эл аралык уюмдарда жана компанияларда эксперт, аналитик жана социолог (ПРООН, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк Банк, АӨБ ж.б.);
  • Айыл өкмөттөрүндө, акимчиликтердин борбордук аппаратында, райондук мамлекеттик администрацияларда, областтык мамлекеттик администрацияларда, шаардык мэрияларда социалдык жана кадрдык маселелер боюнча жетектөөчү адис;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараттарынын адиси;
  • Министрликтердин, мамлекеттик комиссиялардын, мамлекеттик агентстволордун борбордук аппаратынын жана регионалдык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин адиси, эксперти ж.б.;
  • Университеттерде, институттарда жана колледждерде мугалим, окутуучу;
  • ЖМКда изилдөөчү, пресс-катчы, менеджер, журналист (телевидение, радио, гезиттер, интернет басылмалар ж.б.);
  • Орто мектептерде «Адам жана коом» предметинин мугалими;
  • Бейөкмөт уюмдарда (ӨЭУ) эксперт, долбоордун менеджери, социолог;
  • Жеке компанияларда адис, гранттык долбоорлордо изилдөөчү;
  • Жарнама жана PR агенттиктеринде (коомчулук менен байланыш адиси) маркетолог, менеджер;
  • Кадр агенттиктериндеги адис (кадрларды издөө) ж.б.
  • Мындан тышкары, социолог катары дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде стажировкадан өтүү/окуу мүмкүнчүлүгү бар. Окууну аяктагандан кийин магистратурада, аспирантурада жана докторантурада окууну улантып, илимпоз боло аласыз.

Политология

Профили: Политология

Окуу мөөнөтү: 4 жыл

Квалификациясы: бакалавр

Квалификациясы: Магистратура (окуу мөөнөтү 2 жыл)

Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр иштей алышат:

  • Айыл өкмөттөрүндө, мэрияларда, акимияттарда, райондук мамлекеттик администрацияларда адис, жетектөөчү адис;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Омбудсмен институтунун адиси;
  • Министрликтерде, мамлекеттик комиссияларда, укук коргоо органдарында адис ж.б.
  • Жалпыга маалымдоо каражаттары (телевизор, радио, гезиттер, интернет басылмалар)
  • Университеттерде, институттарда жана техникумдарда мугалим, окутуучу;
  • Орто мектептерде «Укук таануу», «Адам жана коом» предметтери боюнча мугалим;
  • Бейөкмөт уюмдарда (БӨУлар), Эл аралык уюмдарда жана компанияларда (ПРООН, ЮНЕСКО, ЕККУ, АРИС ж.б.) эксперт, менеджер, саясат таануучу.
  • Жарнама жана PR агенттиктеринде (коомчулук менен байланыш) менеджер, эксперт-аналитик;
  • Саясий уюмдарда (партиялык саясий кеңештерде, коомдук-саясий кыймылдарда) эксперт-аналитик, саясий консультант жана саясий стратег;
  • Илимий-изилдөө борборлорунда саясат таануучу жана эксперт аналитик.

 

2023-жылдан тартып факультетте психология боюнча PhD даярдоо башталды.

 

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by