К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 2025-жылдын 1-апрелинде декандар жана бөлүм жетекчилеринин жыйналышы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө күн тартибине коюлган маселелер кеңири талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Ректор Мирлан Дылдаев бардык түзүмдөргө 2025–2030-жылдарга карата факультеттердин стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Бул тапшырманын негизинде Кыргыз-Кытай факультетинин деканы, ф.и.д, профессор Гүлнара Ботоканова жана Европа цивилизациясы факультетинин деканы, фил.и.к Назгүл Жаркинбаева өз факультеттеринин 2025–2030-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү пландарын сунушташты.
Жыйналыштын жыйынтыгында белгиленген тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо жана стратегиялык пландарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү сунуштар айтылды.
Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27
bhu@bhu.kg
+996 (312) 21-86-59
БМУга кош келиңиздер. Мы верим в твой правильный выбор