Социалдык жана психологиялык илимдер факультетинин социология адистиги боюнча төртүнчү курстун студенти Айгерим Султанова 2025-жылдын 16-22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин чакыруусу менен Нижний Новгороддо өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын жыйынына катышты.
Айгерим биздин университеттин коомчулугун мамлекеттик башкаруу программасында көрсөттү, ал жерде лекцияларга, талкуу панелдерине катышып, көрүнүктүү инсандар менен жолугушту.
Мындан тышкары, Айгерим Москвадагы *Интервидение 2025* көргөзмөсүнө чакырылган конок болду.
