2025-жылдын 23-августунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз-Жапон таануу жана жапон тилин окутуу методикасы боюнча VIII Эл аралык конференция болуп өттү.
Иш-чаранын негизги темасы — «Жапон тилин окутуу усулдарынын заманбап жолдорун изилдөө: тамга, дилбаян, котормо иши, маданият таануу, санариптешкен материалдарды колдонуу практикасынын көз караштары» болду.
Конференция Кыргыз Республикасынын Жапон тили мугалимдер ассоциациясы жана К.Карасаев атындагы БМУ тарабынан уюштурулуп, гибрид форматта (онлайн жана оффлайн) өткөрүлдү.
Конференциянын ачылыш аземине Мамашева Жийдегүл – Кыргыз Республикасынын жапон тили мугалимдер ассоциациясынын төрайымы,
Года Хидэки – Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси,
Дылдаев Мирлан Муктарович – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору катышып, өз сөздөрүндө иш-чаранын маанилүүлүн баса белгилеп өтүштү.
Конференциянын алкагында чет өлкөлүк жана жергиликтүү адистер баяндамалары менен чыгышты. Малайзиядан атайын чакырылган лектор Ричи Пен, Япониядан Янамото Даити жана Акматалиева Жакшылык, Москва педагогикалык университетинен Савинская Анна, ошондой эле Кыргызстандан БГУнун мурдагы окутуучусу Воробьева Галина илимий баяндамаларын сунушташты.
Иш-чара жапон тилин окутуунун жаңы методдору боюнча тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана илимий байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түздү.





