Мазмунга өтүү

БМУнун ректору NABU президенти менен жолугушуу өткөрдү: Биргелешкен экологиялык долбоорлорго көңүл бурулду

Ректор БГУ провёл встречу с президентом NABU: акцент на совместные экологические проекты

2025-жылдын 2-июнунда Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев Германиянын Жаратылышты коргоо союзу (NABU) уюмунун президенти Йорг-Андреас Крюгер жана NABUнун Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси Толкун Асыкулов менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө NABU менен БМУнун ортосундагы көп жылдык жана жемиштүү кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечектери талкууланды. Тараптар жаратылышты коргоого, илимий-изилдөө иштерине жана экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди жандандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө, экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.