2025-жылдын 9-декабрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана санариптик башкаруу боюнча жооптуу кызматкерлер үчүн киберкоопсуздук семинары өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен дүйнөгө белгилүү Kaspersky компаниясынын адистери тарабынан уюштурулду.
Бишкек мамлекеттик университетинин атынан семинарга ректор Мирлан Дылдаев, окуу иштери боюнча проректор Канатбек Токтобаев жана Санариптик өнүгүү борборунун директору Азамат Омуркулов катышып, активдүү талкууларга катышып, тажрыйба алмашууга салым кошушту.
Семинардын негизги максаты — жогорку окуу жайларынын санариптик туруктуулугун чыңдоо, киберкоркунучтар боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана киберкоопсуздук маданиятын билим берүү системасына интеграциялоо болду.




