Мазмунга өтүү

Кыргыз-кытай факультетинин ага окутуучусу Эл аралык кызматташтык форумуна катышты

Старший преподаватель Кыргызско-китайского факультета приняла участие в Международном форуме сотрудничества

С 25 по 31 октября 2025 года старший преподаватель Кыргызско-китайского факультета Бишкекского государственного университета имени академика К. Карасаева Бегайым Маратова приняла участие в Международном форуме сотрудничества, организованном Россотрудничеством в городе Москва.

Форум объединил представителей более чем 60 стран Европы, Азии, Африки и Латинской Америки для обсуждения вопросов народной дипломатии, сохранения исторической памяти, а также взаимодействия в области культуры и науки.

В рамках форума был запущен международный проект «Хранители памяти», приуроченный к 80-летию Победы в Великой Отечественной войне. Проект направлен на сохранение исторической правды и предотвращение искажений в историческом знании.

2025-жылдын 25–31-октябрь күндөрү академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетинин ага окутуучусу Бегайым Маратова Москва шаарында Россотрудничество агенттиги тарабынан уюштурулган Эл аралык кызматташтык форумуна катышты. Форумга Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 60тан ашуун өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр катышып, элдик дипломатия, тарыхый эс тутумду сактоо, маданият жана илим тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Форумдун алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган «Эстутум сакчылары» аттуу эл аралык долбоор ачылды. Долбоордун максаты — тарыхый чындыкты сактоо жана тарыхый маалыматтарды бурмалоонун алдын алуу болуп саналат. Долбоорго катышкан жаш изилдөөчүлөр менен окутуучулар архив иши жана муундар аралык эс тутумга арналган лекцияларга, семинарларга жана экскурсияларга катышышты.