Мазмунга өтүү

ТИКА уюмунун колдоосу менен БМУда жаңы сервер орнотулуп, Санариптик камсыздоо борбору жабдылды

В БГУ установлен новый сервер и оснащён Центр цифрового разаития при поддержке ТИКА

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Түркия кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан каржыланган долбоордун алкагында жаңы сервер орнотулуп, Санариптик камсыздоо борбору заманбап компьютердик техника менен жабдылды.

Орнотулган сервер жана жаңы жабдуулар университеттин AVN маалыматтык системасынын туруктуу иштөөсүн камсыздап, окуу процесстеринин санариптик башкарылышын жогорулатат. Ошондой эле бул университтин маалымат базасынын коопсуздугун бекемдеп, экзамендик сессиялардын үзгүлтүксүз жана так өтүшүнө өбөлгө түзөт.

Бул демилге БМУнун санарип инфраструктурасын чыңдоого, билим берүү процессинде заманбап технологияларды колдонууну кеңейтүүгө жана студенттер менен окутуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бишкек мамлекеттик университетинин жетекчилиги ТИКА уюмуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет жана мындан аркы кызматташтык билим берүү сапатын жогорулатууга маанилүү салым кошорун белгилейт.