К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине Италия Республикасынын Тренто университетинин Психология жана когнитивдүү илимдер борборунун директору, профессор Жангуко Эспозито иш сапары менен келди.
Расмий жолугушууга университеттин ректору, профессор Мирлан Дылдаев, Эл аралык кызматташуу жана инвестициялар департаментинин директору Эдиль Канатбеков, эл аралык билим берүү программалары жана долбоорлор координатору Рай кызы Рахат, башкы адис Данияр Сабатов, ошондой эле Социалдык иштер жана практикалык психология кафедрасынын башчысы, профессор Эрик Орозалиев, доценти Нургүл Мусаева жана улук окутуучу Шайлообек кызы Айсулуу катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү маселелери кеңири талкууланды. Атап айтканда, магистратура жана PhD программалары боюнча академиялык алмашууну өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий макалаларды жарыялоо багыттары каралды.
