Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинде окутуучулар үчүн Жаңы жылдык иш-чара болуп өттү

В Бишкекском государственном университете состоялся новогоднее мероприятие для преподавателей

25-декабрь күнү Бишкек мамлекеттик университетинде окутуучулар үчүн Жаңы жылдык майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чарада университеттин ректору, профессор Мирлан Дылдаев куттуктоо сөз сүйлөп, жыл ичинде жетишкен ийгиликтерге токтолуп, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирип, келе жаткан Жаңы жылга карата жылуу каалоо-тилектерин айтты.

Концерттик программа университеттин Маданият жана жаштар саясаты департаменти тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, окутуучуларга майрамдык маанай жана жагымдуу эмоция тартуулады.