2025-жылдын 28-апрелинде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде декандардын жана кафедра башчыларынын жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер кеңири талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Ректор Мирлан Дылдаевдин тапшырмасынын алкагында Экономика жана финансы факультетинин деканы Виктор Савин, ошондой эле Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Таласбек Машрапов 2025-2030-жылдарга факультеттерин өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын сунушташты.
Жыйындын жыйынтыгында белгиленген милдеттерди аткарууну жана стратегиялык пландарды ишке ашырууну камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.