2025-жылдын 17-октябрында Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев жана Түркия Республикасынын Кыркларели университетинин (Kırklareli Üniversitesi) ректору, проф. Ренгин Ак, эки окуу жай аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол кошту.
Иш-чаранын алкагында тараптар билим берүү, илим жана маданият тармактарында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өткөрүү боюнча макулдашышты.
Меморандум эки университеттин өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.


