2025-жылдын 11-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студент кыздар командасы «Евразия Кыргызстан» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлар арасындагы “Евразия кубогу” аттуу волейбол турниринде 1-орунду ээледи.
Мелдешке өлкөнүн жогорку окуу жайларынан келген 8 команда катышып, оюндар жогорку деңгээлде, курч атаандаштык жана күчтүү эмоциялар менен өттү. Жыйынтыгында, К. Карасаев атындагы БМУнун кыздар командасы мыкты даярдыгын, жигердүүлүгүн жана чыныгы командалык духун көрсөтүп, “Евразия кубогунун” башкы сыйлыгын татыктуу түрдө жеңип алды.
Бул ийгилик — БМУнун студенттеринин эмгегинин, чыдамкайлыгынын жана биримдигинин жемиши. Бул жеңиш менен куттуктайбыз жана келечекте жогорку жетишкендиктерди жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз!





