27-декабрь күнү «Керемет Холдинг» тарабынан уюштурулган дилбаян жана окуудагы студенттик жетишкендиктер боюнча «Кыргызстандын эң мыкты студенти – 2025» сынагына Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарга жетишти.
Сынак Кыргыз Республикасынын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөрүлүп, жалпы 1200 талапкер катышкан, алардын ичинен 114 студент финалга чыгып, өз өнөрүн көрсөттү.
Бишкек мамлекеттик университетинин жеңүүчүлөрү:
Кыргыз филология факультетинин студенттери Сааданова Айша жана Кытайбайбекова Мадина — 2-даражадагы диплом жана кубок; Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети студенти Камчыбекова Шахзода — 3-даражадагы диплом жана кубок менен сыйланышты.
Бишкек мамлекеттик университети студенттеринин ийгиликтери менен сыймыктанат жана билим алуу жолунда ийгиликтерди каалайт.





