2025-жылдын 17-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде белгилүү инсан, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мадаминов Гапыр Маматкуловичтин катышуусунда “Акыл эмгегинин маданияты” аттуу конок лекция болуп өттү.
Гапыр Мадаминов “Акыл эмгегинин маданияты” темасында терең мазмунда баяндамасын жасап, билим алуудагы аң-сезимдүү мамиле, ой жүгүртүү маданияты жана инсандык өнүгүүнүн маанилүү аспектилерин кеңири түшүндүрүп берди.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар активдүү катышып, суроолорун берип, билим берүү процессиндеги актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүштү.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар конок лекторго терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындай жолугушуулар жаш муундун илимий жана руханий өнүгүүсүнө чоң дем берүүчү мааниге ээ экенин белгилешти.





















