Перейти к содержимому

БМУнун ректору Индиянын КРдагы элчиси менен расмий жолугушуу өткөрдү

БМУнун ректору Индиянын КРдагы элчиси менен расмий жолугушуу өткөрдү

 Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав мырза менен Индия элчилигинде жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индия өкмөтү тарабынан сунушталган билим берүү программалары боюнча пикир алмашышып, эки өлкөнүн жогорку билим берүү мекемелери ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин өнүктүрүүнүн мааниси белгиленип, маданий жана академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери каралды.

Бул жолугушуу эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары кеңейишине чоң салым кошоору күтүлүүдө.

© Рахат Рай кызы — эл аралык билим берүү программалары жана долбоорлор боюнча координатор