Экология жана менеджмент факультетинин география, экология жана туризм багыттары боюнча билим алып жаткан студенттери 2025-жылдын жаз айларында Чүй жана Ысык-Көл аймактарында окуу талаа практикасын өтүүдө.
Практиканын жүрүшүндө студенттер аймактардагы туристтик потенциалды өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле географиялык ыкмаларды колдонуу менен жер-суу ресурстарынын абалын жакшыртуу багытында алган теориялык билимдерин практикалык иштер аркылуу бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул практика студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, табигый аймактардын өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө жана аймактык өнүгүү багытында илимий-тажрыйбалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
© Элегия Бокоева – экология жана менеджмент факультетинин деканы