Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасында Кыргыз жана түрк тилдерине тиешелүү тармактар боюнча студенттерге теориялык жана практикалык терең билим берүү.
Студенттер тил илими боюнча илимий – изилдөө иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөтүп, реферат, курстук, дипломдук иштерди, илимий макалаларды, докладдарды жазууга жетекчилик кылуу; кафедрада уюшулган магистратуранын окуу планына ылайык окуу жана илимий – методикалык иштерди уюштуруу; илимий-изилдөө иштерин окуу менен айкалыштыруу максатында аспиранттарды жетектеп, илимий деңгээлин өнүктүрүү.
Ал максатка жетүү үчүн илимий-теориялык конференцияларды уюштуруу, басылмаларды даярдап чыгаруу; орто мектептерде, жогорку окуу жайларында кыргыз тили жана түрк тили боюнча сабак өтүүнүн методикасын үйрөтүү; кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы боюнча окуу планында каралган тандоо боюнча курс, адистик семинарлардын лекцияларын окуу, практикалык сабактарын өтүү; кафедрада алган билимин практикалык жактан тереңдетүү максатында орто мектептерде, түрк билим берүү борборлорунда, котормо агенттиктеринде практикадан өтүшөт.