г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин маданият жана жаштар менен иштөө бөлүмү.

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Маданият жана жаштар менен иштөө бөлүмү университеттин студенттеринин руханий, адеп-ахлактык, эстетикалык жана ар тараптуу өнүгүүсүнө камкордук көрүү боюнча иштерди алып барат

Маданият жана жаштар менен иштөө бөлүмү 1997-жылы КР нын мыйзамдарына ылайык, БМУнун окумуштуулар кеңешинин №64 буйругунун негизинде бекитилген. Бөлүм университеттин ректораты, институттары, деканаттары, кафедралары, окуу бөлүмдөрү, профсоюз уюмдары жана башка бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта ишмердүүлүгүн улантып келүүдө.

Бөлүмдүн негизги максаты таланттуу жаштардын башын бириктирген чыгармачылык бөлүм болуп эсептелет. Бөлүмдө студенттер ырдаганды, бийлегенди, музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүүгө – түрдүү чыгармачылык ийримдерде жана бирикмелерде өз жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары бөлүм маданий-массалык иш-чаралардан тышкары таланттуу жаштардан куралган студенттик бирикмелер менен тыгыз иш алып барат. Алар “Студенттик кеңеш”, “БМУ Энактас”, “БМУ Дебат” клубу, “Ыктыярчылар” топтору ж.б.

Бөлүмдүн дагы бир максаты жаштарды руханий жактан тарбиялоо, аң-сезимин байылтуу, уюштуруучулук ишмердүүлүгүн жогорулатуу жана улуу-кичүүгө туура мамиле жасоого, коомдук жайларда өзүн (туура) алып жүрүүгө үндөйт. Жана ошондой эле патриоттуулукка үндөө максатында Т.Сатылганов атындагы филормонияда, Опера жана балет театрында, Кыргыз-Орус драм театрында, Сейтек балдар борборунда өтүлгөн маданий иш-чараларга активтүү катышып келебиз. Тазалоо, ирээтке келтирүү ишембиликтерди уюштурууда бардык студенттерди жигердүү катышууга, жардам көрсөтүүгө чакырат (тарбиялайт). Жаштарды ынтымакка чакыруу, достукту бекемдөө максатында маданий жана спорттук иш-чаралар жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүлүп турат. Студенттердин пикир келишпестиктерин алдын алуу жана бош убактыларын туура колдонуу максатында, тегерек столдор, дебаттар, ийгиликке жетишкен инсандар менен тынымсыз жолугушуулар уюштурулат.

Калктын аярлуу катмарына жана камкордукка муктаж болгон жетим балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптарга, жалгыз бой энелерге, улгайган адамдарга жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулукка багытталган ыктыярчылык иш-аракеттер студенттер менен биргеликте өткөрүлүп келет.

Наш адрес

г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор. Designed by

ru_RURU