跳至内容

БМУнун студенттери айлана-чөйрөнү сактоо боюнча тренингге катышышты

БМУнун студенттери                          айлана-чөйрөнү сактоо боюнча тренингге катышышты

2025-жылдын 25–28-сентябрында Чолпон-Ата шаарында «Жаштардын арасында айлана-чөйрөнү сактоонун негиздери боюнча билимдерин жогорулатуу» аттуу тренинг болуп өттү. Иш-чараны Бишкек шаарындагы Орхус Борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси уюштурган.

Тренингге академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Экология жана менеджмент факультетинин окутуучусу жана студенттери катышып, экологиялык билимдерин тереңдетишти.

Тренингдин жүрүшүндө студенттер экологиялык көйгөйлөрдү талкуулап, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча пайдалуу билимдерге ээ болушту.