跳至内容

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Кыргыз тили – билимдин, илимдин жана маданияттын тили” аттуу тил жумалыгынын жабылуу аземи болуп өттү

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Кыргыз тили – билимдин, илимдин жана маданияттын тили” аттуу тил жумалыгынын жабылуу аземи болуп өттү

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 22-26-сентябрь аралыгында болуп өткөн “Кыргыз тили – билимдин, илимдин жана маданияттын тили” аттуу жумалыктын жабылуу аземи өттү.

Азем кыргыз тилинин гимни жана Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Ж.А. Артыкованын салтанаттуу сөзү менен башталды.

Жумалык алкагында уюштурулган дебат, челендж жана дилбаян жазуу конкурстарына активдүү катышкан студенттер өзүнүн мыкты жыйынтыктары үчүн грамота жана сертификаттар менен сыйланышты.

Ошондой эле көрүүчүлөргө таланттуу студенттердин музыкалык жана поэзиялык-автордук чыгармалары сунушталды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбековдун жана Маданияттын мыкты кызматкери, төкмө акын жана ырчы Нурсултан Малдыбаевдин чыгармалары болду.

Жумалыктын максаты – кыргыз тилинин билим, илим жана маданият тармагындагы ордун чыңдоо, анын маңызын жана коомдогу ролун жайылтуу.