跳至内容

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулары министрликтин ыраазычылык каты менен сыйланышты

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулары министрликтин ыраазычылык каты менен сыйланышты

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулары, География, туризм жана табигый дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Асанбек уулу Анвар жана котормо теориясы жана практикасы кафедрасынын улук окутуучусу Талканова Чолпон Жапаралиевна жогорку кесипкөйлүгү, ак ниет эмгеги жана жогорку билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн министрликтин ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Бул жетишкендиктери менен чын дилибизден куттуктайбыз жана аларга илимий-педагогикалык ишмердүүлүктөрүндө мындан аркы ийгиликтерди жана билим берүү тармагында жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.