跳至内容

«Профессор Т. И. Ишемкуловдун мамлекеттик, коомдук-саясий, дипломатиялык, педагогикалык жана чыгармачылык ишмердүүлүгү»

«Профессор Т. И. Ишемкуловдун мамлекеттик, коомдук-саясий, дипломатиялык, педагогикалык жана чыгармачылык ишмердүүлүгү»

2025-жылдын 25-ноябрында Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Профессор Т. И. Ишемкуловдун мамлекеттик, коомдук-саясий, дипломатиялык, педагогикалык жана чыгармачылык ишмердүүлүгү» темасында Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү. Иш-чара белгилүү окумуштуунун 85 жылдык мааракесине, басма күнүнө жана анын жаңы «Өтүп кеткен мезгилдердин жаңырыгы» китебинин презентациясына арналган.
Конференцияга мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, профессор-окутуучулар жана студенттер катышты. Катышуучулар профессор Т. И. Ишемкуловдун мамлекетти өнүктүрүүгө, дипломатияга, билим берүү жана улуттук маданиятка кошкон зор салымы айтылды.
Конференцияга чакырылган ардактуу коноктордун арасында:
Иманкулов М. М. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы; Букуев М. О. – Президенттин кеңешчиси; Бөрүбашев Б. Б. – илим, жогорку билим жана инновациялар министринин орун басары; Имангазиев А. К. – Тышкы иштер министринин орун басары; Тагаев М. Т. – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Иманалиев К. К. – Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы, коомдук ишмер, саясий илимдер доктору; Акматалиев А. А. – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимдер академигинин мүчөсү; Русланов Ж. Р. – Жогорку Кеңештин Аппаратынын коомчулук жана ЖМК бөлүмүнүн башчысы; Түмөнбаева Ж. Т. – мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, мурдагы тышкы иштер министри, «КРдин дипломаттары» коомдук уюмунун төрайымы жана башка урматтуу коноктор болду.
Конференцияда профессор Т. И. Ишемкуловдун өмүр жолу, илимий мурасы жана коомдук ишмердигине арналган докладдар сунушталды. Ошондой эле секцияларда окутуучулар, илимпоздор жана студенттер актуалдуу маселелер боюнча докладдар менен чыгышты.
Иш-чара жыйынтыгында профессор Т. И. Ишемкуловго көп жылдык эмгеги жана өлкөнүн илим, билим берүү, мамлекеттик жана коомдук турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак көрсөтүлүп, эстелик белектер тапшырылды.