Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Кыргыз филологиясы факультети

Кыргыз филологиясы факультети 1997-жылы БГУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык Түркология факультети болуп, өз ишмердигин баштаган. Факультетте кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча окутуучуларды даярдоо менен бирге өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ичинен биринчилерден болуп түрк тилдерин тереңдетип окутуп, филолог котормочуларды жана түрк тили боюнча адистерди даярдоону колго алууда.

Факультеттин миссиясы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына  жооп берген жана азыркы эмгек рыногунда конкуренттикке жөндөмдүү профессионалдык гуманитардык жана педагогикалык жогорку билимдүү адистерди даярдоо.

Факультеттин максаты: окутуп-үйрөтүү тармагында максаты болуп кенен дүйнө таанымга жана коомдук толеранттуулукка ээ болгон адистик — багытталган инсанды даярдоо болуп эсептелет. Инсанды тарбиялоо тармагында максат болуп студенттерде:

  • Ой жүгүртүү, информацияны кабыл алуу, жалпылоо, анализдөө маданиятында өз алдынчалуулукту;
  • Айлана-чөйрөнү кабыл алууда толеранттуулукту, өз алдынчалуу чечимдерди кабыл алууну;
  • Коюлган максаттарга, илимий ишмердүүлүктүн негиздерине жетүүдө жаӊы технологияларды пайдалануу  мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү болуп эсептелет.

Факультеттин негизги милдети –бакалаврлардын адистик ишмердүүлүгү филология жана гуманитардык билим тармагында, тилдик инсан аралык жана маданият аралык коммуникацияда, билим берүү, маданият жана башкаруу мекемелеринде ишке ашат.

2004-жылы май айында БГУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен кыргыз филологиясы факультети болуп өзгөртүлүп, ал төмөнкү багытта жогорку билимдүү адистерди даярдоодо:

Бакалавр:

  • Филологиялык билим берүү (кыргыз тили жана адабияты) (окуу мөөнөтү – 4 жыл) (гранттык, контракттык)
  • Филология (кыргыз) — (окуу мөөнөтү – 4 жыл)
  • Филология (түрк) (окуу мөөнөтү – 4 жыл)
  • Лингвистика (Тилдерди окутуунун теориясы жана методикасы), (окуу мөөнөтү — 4 жыл)

Адистик:

  • Мамлекеттик тилди кыргыз эмес билим берүү мекемелеринде окутуу (окуу мөөнөтү – 5 жыл)

Магистратура

  • Филологиялык билим берүү  (кыргыз тили жана адабияты) (окуу мөөнөтү – 2 жыл)
  • Филология (кыргыз), (түрк) (окуу мөөнөтү – 2 жыл) (сырттан, кечки окуу -2,5 жыл)
  • Лингвистика (магистратура) (окуу мөөнөтү – 2 жыл)

Бул адистиктерди окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт. Студенттерди кесипке даярдоодо  илимий-теориялык даярдыктары жогору, педагогикалык тажрыйбасы жетиштүү, жогорку квалификациялуу окутуучу-профессорлор билим беришет. Мындан сырткары бул ишке чет өлкөдөн келген адистер да тартылган.

Факультеттин негизин үч кафедра түзөт:


Кабылдама: +996(312) 21-87-12

Дареги: Ч. Айтматов проспектиси, 27. Блок — В, 4-кабат, 401 В каб.

 

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by