Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Окуу бөлүмү

Окуу бөлүмү университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, ал аркылуу окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана контролдоо ишке ашырылат. Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2021-2040-жылдарга стратегиясына жана БМУда кредиттик технологиянын негизинде окуу процессин эффективдүү пландаштыруу, уюштуруу, башкаруу жана контролдоо окуу бөлүмүнүн негизги максаты болуп саналат.

Окуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттар:

  • окуу процессин илимий жактан уюштуруу;
  • окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлгө алуу;
  • билим берүү процессин жөнгө салуучу ченемдик документтерди жакшыртуу;
  • университеттин негизги окуу документтерин иштеп чыгууда университеттин кафедраларынын карым-катышын уюштуруу;
  • университетте билим берүү программаларын ишке ашыруу жана окуу процесси жөнүндө отчетторду түзүү;
  • профессордук-окутуучулук курам тарабынан окуу жүктөмүнүн пландалышын жана иш жүзүндө аткарылышын көзөмөлгө алуу;
  • факультеттердин, кафедралардын жана айрым окутуучулардын окуу-тарбия иштериндеги ишти талдоо, жыйынтыгын чыгаруу жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу;
  • окуу процессин башкаруу боюнча администрациянын чечимдерин даярдоо үчүн маалыматтарды талдоо, анализге алуу;
  • окуу процессинин жүрүшүнө, экзамендик сессиялардын жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктарына талдоо жүргүзүү.

Окуу бөлүмүнүн негизги милдеттери:

  • лицензиялык жана ченемдик талаптарга ылайык негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин уюштуруу;
  • адистерди, бакалаврларды, магистрлерди жана PhD докторлорун даярдоонун сапатын жогорулатуу, окуу процессин заманбап талаптарга ылайык модернизациялоо, университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында университеттин кафедраларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
  • окуу процессин камсыз кылуу боюнча БМУнун институттарынын, факультеттеринин, кафедраларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
  • окуу процессин жөнгө салуучу ченемдик, окуу-методикалык документтерди өркүндөтүү;
  • Университеттин окуу процессине инновациялык билим берүү технологияларын иштеп чыгууну жана киргизүүнү демилгелөө, билим берүү ишинин сапатын жогорулатууну камсыздоо.

Окуу бөлүмү 2 секторду камтыйт:

  • Окуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу сектору
  • Сырттан окуу жана дистанттык окуу формасынын негизги билим берүү программасын пландаштыруу, ишке ашыруу жана көзөмөлгө алуу сектору

Таджибаева Тахмина Рашитовна - окуу бөлүмүнүн башчысы

Башкы корпус, каб. Г-202, Тел. +996-312-218634

Окуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу сектору

Башкы корпус, каб. Г-201, тел. +996-312-218709;

каб. Г-219, тел. +996-312-218834;

каб. Г-204, тел. +996-312-218725

Кирбабина Ольга Викторовна - заведующий сектором планирования и организации учебного процесса;

Сатарова Аида Сатаровна - главный специалист (по выпускникам);

Дононбаева Гулай Шимеевна - главный специалист (магистратура, Ph.D);

Толгонай Ильяс кызы - главный специалист;

Толобекова Аксана Байзалбековна - ведущий специалист;

Дронов Евгений Олегович - инженер-программист

Сырттан окуу жана дистанттык окуу формасынын негизги билим берүү программасын пландаштыруу, ишке ашыруу жана көзөмөлгө алуу сектору

2 корпус БГУ, ул. Академика К.Карасаева, 10, тел. 461824

Ажыгулова Дилбара Байсалбековна - заведующий сектором;

Эшмамбетова Н.М. - главный специалист;

Аманкулова Ж.А. - главный специалист;

Ишенова К.С. - главный специалист;

Абдраимова Р.Ж. - ведущий специалист;

Калмурзаева А.А. ведущий специалист

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by