Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы

Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы   2021-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинин Педагогикалык билим берүү факультетинин базасында түзүлгөн. Кафедра "Башталгыч билим берүү", "Мектепке чейинки билим берүү" багыттары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн программалары менен бакалавриат, магистранттарды даярдайт.

Кафедранын максаты - башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү жаатындагы, жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү педагогикалык милдеттерди чечүү үчүн кесиптик компетенцияга ээ жана өз билимин өркүндөтүүгө даяр адистерди максаттуу даярдоо.

Окуу программаларынын атаандаштык артыкчылыктары: Программалар заманбап билим берүү технологияларын, окутуунун активдүү жана интерактивдүү формаларын, методдорун, окутууну жекелештирүүнүн негизинде инновациялык билим берүү процессин долбоорлоого, уюштурууга, заманбап педагогдорду даярдоого, окуучулардын жекече билим берүү траекторияларын долбоорлоого, билим берүү ишмердүүлүгүндө окуучуларды уюштуруучулук-педагогикалык коштоого, консультация берүүгө, социалдык-педагогикалык колдоону жүзөгө ашырууга багытталган.

Окуу программасынын негизги атаандаштык артыкчылыктары:

  • • окутуучулардын жогорку квалификациялуу курамы;
  • Бишкек шаарынын алдыңкы жалпы билим берүү мекемелеринде, мектеп-гимназияларында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнүн жана объектилеринин мүнөздөмөсү: Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги багыты - жалпы башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсү, ошондой эле социалдык чөйрө болуп саналат. Кесиптик ишмердүүлүктүн объектилери - кенже мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү.

Кесиптик ишмердүүлүк: Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери: кенже мектеп окуучуларын жана мектепке чейинки курактагы балдарды окутуунун жана тарбиялоонун теориясы; кенже курактагы балдарды өнүктүрүүнүн психологиясы жана педагогикасы; эне тили, орус тили, математика боюнча жана маалыматтык билим берүүнүн методикасы; башталгыч билим берүүнүн педагогикалык технологиялары; ден соолукту сактоочу жана этно-маданий технологиялары; руханий, адеп-ахлактык жана көп маданияттуулук билим берүү маселелери; кенже мектеп окуучулары менен класстан тышкаркы иштерди уюштуруу.

Окуу программасынын өзгөчөлүктөрү: Окуу процессинде олуттуу маани илимий – изилдөө иштерине берилет, анда студенттер изилдөө көндүмдөрүн, педагогикалык кырдаалдарды моделдөө көндүмдөрүн, методикаларын, ыкмаларын жана кенже курактагы балдар менен иштөө, сабактан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү программасын иштеп чыгууга үйрөнүшөт. Окутуу практикага багытталган.

Практика өтүү жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу үчүн ишканалардын тизмеси: Ишмердүүлүк жалпы билим берүү мекемелеринде, кошумча билим берүү мекемелеринде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана маданий-эс алуу борборлорунда жүргүзүлөт.

 

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by