Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Кадрлар бөлүмү

Кадрлар бөлүмү университеттин Уставына ылайык административдик жана башкаруучу персоналдан турган өз алдынча түзүмдүк бөлүм болуп саналат.

Кадрлар бөлүмү БМУда эмгек мыйзамдары жаатындагы ченемдик укуктук актылардын сакталышы үчүн жооптуу жана төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • университеттин ишмердүүлүгүн кадрлар менен камсыздоо;
  • университетте эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу;
  • тиешелүү кадрлар менен штаттык орундарды түзүү;
  • Кадр түзүмүнө кирген бардык категориядагы жож кызматкерлерин кабыл алуу, которуу жана бошотуу;
  • университеттин окуу иштери боюнча проректорунун буйругу менен студенттерди факультеттерге, колледждерге, эл аралык билим берүү борборлоруна, БМУнун Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтуна кабыл алуу, которуу, окуудан чыгаруу жөнүндө арыздарды каттоо;
  • белгиленген формалар боюнча университеттин бардык категорияларынын кызматкерлеринин жана студенттеринин жеке жана статистикалык эсебин жүргүзүү;
  • БМУнун кызматкерлери тарабынан ички эмгек тартибин сактоону камсыз кылуу;
  • кызматкерлердин жана студенттердин өздүк делолорун сактоону камсыз кылуу.

Бөлүмдүн кызматкерлеринин жоопкерчилиги алардын кызматтык милдеттери менен аныкталат.


Башкы корпус, каб. Г-207

Кадрлар бөлүмүнүн тел. +996(312)-21-87-14

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© БМУга кош келиңиздер. Биз сенин туура тандооңо ишенебиз Designed by

KG