Окуу бөлүмү
Окуу бөлүмү университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, ал аркылуу окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана контролдоо ишке ашырылат. Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2021-2040-жылдарга стратегиясына жана БМУда кредиттик технологиянын негизинде окуу процессин эффективдүү пландаштыруу, уюштуруу, башкаруу жана контролдоо окуу бөлүмүнүн негизги максаты болуп саналат.
Окуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттар:
- окуу процессин илимий жактан уюштуруу;
- окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлгө алуу;
- билим берүү процессин жөнгө салуучу ченемдик документтерди жакшыртуу;
- университеттин негизги окуу документтерин иштеп чыгууда университеттин кафедраларынын карым-катышын уюштуруу;
- университетте билим берүү программаларын ишке ашыруу жана окуу процесси жөнүндө отчетторду түзүү;
- профессордук-окутуучулук курам тарабынан окуу жүктөмүнүн пландалышын жана иш жүзүндө аткарылышын көзөмөлгө алуу;
- факультеттердин, кафедралардын жана айрым окутуучулардын окуу-тарбия иштериндеги ишти талдоо, жыйынтыгын чыгаруу жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу;
- окуу процессин башкаруу боюнча администрациянын чечимдерин даярдоо үчүн маалыматтарды талдоо, анализге алуу;
- окуу процессинин жүрүшүнө, экзамендик сессиялардын жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктарына талдоо жүргүзүү.
Окуу бөлүмүнүн негизги милдеттери:
- лицензиялык жана ченемдик талаптарга ылайык негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин уюштуруу;
- адистерди, бакалаврларды, магистрлерди жана PhD докторлорун даярдоонун сапатын жогорулатуу, окуу процессин заманбап талаптарга ылайык модернизациялоо, университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында университеттин кафедраларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- окуу процессин камсыз кылуу боюнча БМУнун институттарынын, факультеттеринин, кафедраларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
- окуу процессин жөнгө салуучу ченемдик, окуу-методикалык документтерди өркүндөтүү;
- Университеттин окуу процессине инновациялык билим берүү технологияларын иштеп чыгууну жана киргизүүнү демилгелөө, билим берүү ишинин сапатын жогорулатууну камсыздоо.
Окуу бөлүмү 2 секторду камтыйт:
- Окуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу сектору
- Сырттан окуу жана дистанттык окуу формасынын негизги билим берүү программасын пландаштыруу, ишке ашыруу жана көзөмөлгө алуу сектору
Таджибаева Тахмина Рашитовна - окуу бөлүмүнүн башчысы
Башкы корпус, каб. Г-202, Тел. +996-312-218634
Окуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу сектору
Башкы корпус, каб. Г-201, тел. +996-312-218709;
каб. Г-219, тел. +996-312-218834;
каб. Г-204, тел. +996-312-218725
Кирбабина Ольга Викторовна - заведующий сектором планирования и организации учебного процесса;
Сатарова Аида Сатаровна - главный специалист (по выпускникам);
Дононбаева Гулай Шимеевна - главный специалист (магистратура, Ph.D);
Толгонай Ильяс кызы - главный специалист;
Толобекова Аксана Байзалбековна - ведущий специалист;
Дронов Евгений Олегович - инженер-программист
Сырттан окуу жана дистанттык окуу формасынын негизги билим берүү программасын пландаштыруу, ишке ашыруу жана көзөмөлгө алуу сектору
2 корпус БГУ, ул. Академика К.Карасаева, 10, тел. 461824
Ажыгулова Дилбара Байсалбековна - заведующий сектором;
Эшмамбетова Н.М. - главный специалист;
Аманкулова Ж.А. - главный специалист;
Ишенова К.С. - главный специалист;
Абдраимова Р.Ж. - ведущий специалист;
Калмурзаева А.А. ведущий специалист