г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов-фиеста” аттуу республикалык фестивалы

             12-декабрда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа Цивилизация факультетинин котормонун теориясы жана практикасы кафедрасынан (ПП-20-1 группасы) студенттери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп өткөн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов-фиеста” аттуу республикалык фестивалга катышып келди.

              Бул фестиваль жогоруда аты аталган университеттин жана Конфуций институтунун демилгеси менен жаштарды Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын билүү жана кызыктыруу максатында өткөрүлдү.

             Анда орус, кыргыз, түрк, англис, кытай тилдеринде Айтматовдун чыгармаларынын алкагында таймаш болду. Фестиваль үч багытта жүргүзүлдү: 1-багыты “Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу жана көркөм окуу», 2-багыт эссе конкурсу: «Менин дүйнөмдөгү Айтматов», ал эми 3-багыты «Айтматов жөнүндөгү викторина» деп аталды. Фестивалдын аягында калыстар тобу бул үч багыт боюнча жыйынтык чыгарып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектерди тапшырды. Мындан сырткары ар бир катышуучуга сертификат ыйгарылды. 

              32 команда, 100дөй студент катышкан фестивалда биздин студенттер да өнөр тартуулап, 3-орунду багындырды.

Наш адрес

г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор. Designed by