г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Бишкек мамлекеттик университетинде Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө

2025-жылдын 20-мартында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана маалыматтык тармактар факультетинин Социалдык маалымат жана документология кафедрасында Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына арналган “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” аттуу тегерек стол уюштурулду.

Иш-чаранын модератору, Социалдык маалымат жана документология кафедрасынын улук окутуучусу Мелис кызы Назира, студенттер жана окутуучулар менен биргеликте Исхак Раззаковдун өмүр жолундагы кызыктуу фактылар, анын билим берүүгө кошкон салымы, кыргыз жаштарынын билим алуусуна жасаган өзгөчө аракеттери тууралуу баяндама жасады. Катышуучулар Раззаковдун тазалыкка, адилеттүүлүккө жана коом алдындагы жоопкерчиликке чакырган философиясы бүгүнкү күндө да маанилүүлүгүн жоготпостон, коом үчүн үлгү бойдон калып жатканын белгилешти.
Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер тарабынан атайын даярдалган Исхак Раззаковдун өмүр баяны жана саясий ишмердүүлүгү тууралуу видеослайддар жана презентациялар көрсөтүлдү.

 

 

Ал эми 26-мартта Социалдык-психологиялык факультетинде “Исхак Раззаковдун тарыхтагы изи” аттуу ачык лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын модераторлору катары “Социология жана саясий-укук дисциплиналары” кафедрасынын саясий илимдеринин кандидаты, доцент Сейитбаев Бактыбек Турарович жана социология илимдеринин доктору, профессор Омуралиев Нурбек Ашимканович катышты.

Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттердин активдүү катышуусу менен суроо-жооп иретинде уланды. Жыйынтык бөлүктө студенттерге Исхак Раззаковдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн чагылдырган кыска метраждуу документалдуу фильм көрсөтүлдү.

 

 

 

Исхак Раззаков – жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон, элине ак дилден кызмат кылган, таза жана чынчыл жетекчинин үлгүсү. Анын башкаруучулук ишмердүүлүгү, мамлекетке сиңирген эмгеги жана калтырган баа жеткис мурасы бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, коом үчүн маанилүү багыт бойдон калууда.

 

Наш адрес

г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор