Бул өзгөчө күндү белгилөө максатында университетте майрамдык иш-чара өтүп, студенттер тарабынан чакан концерттик программа тартууланды. Иш-чараны ректор Мирлан Дылдаев куттуктоо сөзү менен ачып, бардык окутуучуларды, студенттерди жана кызматкерлерди университеттин мааракеси менен куттуктады.
Университеттин өнүгүшүнө, билим берүү тармагына кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар окутуучулар Кусеин Карасаев атындагы төш белгиси жана Бишкек мамлекеттик университетинин төш белгиси менен сыйланышты.
Ошондой эле окуу жайдын коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышкан, билим берүү процессинде өзгөчөлөнгөн окутуучулар менен студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.
Бул күн – ар бирибиз үчүн сыймыктуу күн. Билим берүүнүн бийиктигин көздөгөн, билимге сугарылган келечек муундарды тарбиялап жаткан университетибизге өсүп-өнүгүү, ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз!