Перейти к содержимому

БМУда “Кыргыз тили жана адабияты” интеграцияланган окуу куралынын бет ачары өттү

БМУда “Кыргыз тили жана адабияты” интеграцияланган окуу куралынын бет ачары өттү

Бишкек шаарында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Кыргыз тили жана адабияты” аттуу интеграцияланган окуу куралынын бет ачары болуп өттү. Аталган окуу куралы Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында 2025-жылы жарык көргөн.

Окуу куралынын автору — филология илимдеринин доктору, профессор У.Дж. Камбаралиева. Эмгек Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын кыргыз филологиясынан башка факультеттеринин студенттери үчүн иштелип чыккан.

Иш-чаранын жүрүшүндө автор У.Дж. Камбаралиева жаңы окуу куралынын мазмуну, өзгөчөлүктөрү жана билим берүү системасындагы орду тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор М.М. Дылдаев окуу куралынын жогорку билим берүү тармагындагы маанисин белгилеп, анын студенттердин тилдик компетенциясын жогорулатууда маанилүү ролду ойной турганын баса белгиледи.

Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси А.Т. Сатиев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К. Мураталиев катышып, мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда мындай окуу куралдарынын мааниси жогору экенин белгилешти.

Мындан тышкары, окуу куралынын рецензенттери — филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги С.Ж. Мусаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Н.И. Ишекеев жана филология илимдеринин доктору Б.Ж. Усмамбетов — эмгектин илимий жана практикалык баалуулугу тууралуу өз пикирлерин билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 26-февралындагы №979 катынын негизинде уюштурулду.