Кыргыз Республикасынын Профсоюздардын Борбордук комитети 2025-жылдын 15–16-сентябрь күндөрү өлкөнүн алты жогорку окуу жайынын өкүлдөрү үчүн интенсивдүү эки күндүк тренинг өткөрдү. Иш-чарага К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун өкүлдөрү да катышышты.
Тренингдин программасы мазмундуу жана жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин жана окутуучулардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды. Ошондой эле катышуучулар тажрыйба алмашуу боюнча жандуу окуу сессияларына катышышты.
БМУнун өкүлдөрү башка жогорку окуу жайларындагы кесиптештеринин ийгиликтүү тажрыйбаларын үйрөнүп гана тим болбостон, өздөрүнүн иштелмелерин жана демилгелерин да сунушташты. Иш-чаранын жыйынтыгында биздин профоргдор жаңы идеяларга жана пайдалуу байланыштарга ээ болуп кайтышты. Алардын пикиринде, мындай жолугушуулар кыргызстандык жогорку окуу жайлардын профсоюздук коомчулугунун лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө жана биримдикти чыңдоого чоң салым кошот





