2025-жылдын 22-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетинин Дүйнөлүк экономика жана чөлкөм таануу кафедрасынын демилгеси менен «Өндүрүштүк же жумуш ордундагы окутууну уюштуруу» жөнүндөгү жобого ылайык, экономика багытынын “Дүйнөлүк экономика” профили боюнча 4-курстун студенттери “Дасмия” компаниясында өндүрүштүк окуу сабагында болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер компаниянын президенти, көрүнүктүү ишкер Турусбек Мамашев менен жолугушуп, анын жаш муунга арналган кызыктуу жана пайдалуу дил-маегин угушту.
Бул иш-чара окуу планынын алкагында студенттерди кесиптик ишмердүүлүктүн практикалык өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу жана иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлдү.




