Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» улуттук идеологиялык уңгужол доктринасын ишке ашыруу максатында, ошондой эле «Манас» жана Улуттук адабият күнүнө карата 2025-жылдын 11-декабрында жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «Көчмөндөр мурасы» аттуу акыл таймаш өткөрүлдү.
Аталган интеллектуалдык мелдешке Бишкек мамлекеттик университетинин атынан «NomadX» командасы катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана жигердүү катышуусу менен айырмаланып, байгелүү 3-орунду камсыз кылды. Команданын курамында Жаанбаева Мадина, Токтошева Сезимхан, Акыйкатова Аяна жана Анарбаева Айназик катышты. Студенттер улуттук баалуулуктарды, тарыхый мурасты жана көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн камтыган суроолорго так жана мазмундуу жоопторду берип, калыстардын жогорку баасына татышты
